7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек коронавируска байланыштуу бир катар чектөөлөрдү киргизди

8029

Бишкек шаардык мэриясы коронавирус илдети күндөн-күнгө жайылып, эпидемиологиялык кырдаал курчуп бараткандыгына байланыштуу бир катар чектөөлөрдү киргизди.

Эртең, 17-июндан тарып, калаадагы оюн-зоок жайлар 07:00дөн 23:00гө чейин, санитардык эрежерлерди так аткаруу менен иш алып барат.

  • түнкү клуб,
  • ресторан,
  • кафе,
  • караоке бар,
  • коомдук тамактануучу жайлар.

Мындай чечимди мэриянын алдындагы эпидемиологияык комиссия, бүгүнкү олтурумунда кабыл алган.

Эске салсак, коронавирус жуктургандар Бишкек, Ош шаарларында күндөн-күнгө өсүп барат.  Буга чейин, Ош шаарында дагы, бир катар чектөөлөр киргизилген.

Коомдук транспортто маска режимин сактоо ар күнү эскертилүүдө. Дезинфекциялоо иштери үзгүлтүксүз жүрүп жатканы маалымдалат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

8030