7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Канчалык адашкан сайын, чындыктан алыстап, туңгуюкта жарык нур издөө менен убарабыз

535

«Биз ар күнү кандайдыр бир окуяларга дуушар болобуз, ага өз убагында баа берилиши керек. Мындай учурлар айланабызда абдан эле көп-ал жашоонун маңызы.

Катардагы карапайым адамдар эмес, тажрыйбалуу эксперттер деле билиминин же тажрыйбасынын жетишсиздигинен, симпатия же антипатия, субъективдүү көз карашынан улам кырдаалга калыс баа берүүдөн адашат. Эгер маселе күнүмдүк- турмуштук маселелер тууралуу болсо кечиримдүү, кайра калыбына келтирүү оңоюраак.

Бирок, маселе көпчүлүк элдин тагдыры, коомдук туруктуулук же мамлекеттин улуттук кызыкчылыгы тууралуу болсо -бул өтө кооптуу болуп калат. Эркин, демократиялуу коомдо гана субъективизмге жол берилбейт. Ачык коомдо адамдын акылсыздыгын, акмакчылыгын жашырууга болбойт.

Бул ойлор, эмне үчүн айтылып жатат деп ойлошуңуз мүмкүн. Биз ар бирибиз, болуп өткөн жана болуп жаткан окуяларга баа берип, пикир билдирүү менен чындыкты издеп жатабыз. А чындык бирөө эле, биз аны байкасак, байкабасак деле. Канчалык көп адашкан сайын, чындыктан алыстап, туңгуюка кептелип, жарык нур издөө менен убарабыз»,- деп Авазбек Атаханов фейсбук баракчасына билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

536