Бүгүн Россиянын президенти Владимир Путин АКШ президенти Жо Байден менен жолукту. Бул тууралуу чет элдик баасылмалар билдирди.
Маалыматка ылайык, эки өлкөнүн лидерлеринин жолугушуусу Женева көлүнүн жанында жайгашкан La Grange вилласында өтөт. Жолугушуудан кийин биргелешкен пресс-конференция болбойт. Путин менен Байден журналисттерге өзүнчө жолугушат. Жолугушуунун жыйынтыгында эч кандай келишимдерге кол коюлбайт.
Эскерте кетсек,буга чейин Россия менен АКШнын президенттери Женева саммитинен кийин жолугуп, анда адам укугу, Алексей Навальный жана РФте камалган америкалыктар боюнча маселени талкуулай турганы айтылган.