7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

22-25-сентябрь алгачкы жолу «Семетейчилердин» айтышы болот

600
22-25- -сентябрь күндөрү Дүйнө элдеринин эпосторунун Эл аралык VI фестивалынын алкагында алгачкы жолу «Мыкты Семетейчи» Республикалык сынагы өтөт. Бул тууралуу маданият министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Сынактын негизги максаты, кайып-илим өнөрү болгон семетейчиликти аркалаган өнөр ээлерин камкордукка алуу, касиеттүү өнөр ээлерин жана жаш семетейчилерди жалпы коомчулукка тааныштыруу, кылымдар бою сөз наркын жоготпой, өз баркын коротпой сакталып келген Улуу өнөрдү мындан ары да өнүктүрүү жана калың элди руханий агартуу маселесин колго алуу болуп эсептелет.
Cынак белгилүү манасчылар, тарыхчылар, манас изилдөөчүлөр, санжырачылар, маданият жана искусство ишмерлери тарабынан уюштурулууда. Ага катышуучулардын жаш курагына чектөө коюлбайт, 22-сентябрына чейин уюшиуруу комитетине “Билдирме-анкетасын” тапшыруусу кажет. Бул мөөнөттөн кечиккен документтер кабыл алынбайт.
Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи  25-сентябрь күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында өткөрүлөт. Фестивалдын жеңүүчүлөрүнө байгелүү орундар бар экендиги айтылат. Бирок байге фонду ачыктала элек.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

601