7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айсулуу Тыныбекова эскертет: Эгер менин атыман акча утуп алсаңыз — ишенбеңиз

1602

Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси Айсулуу Тыныбекова Facеbook социалдык тармагында анын атынан фейк баракча ачылып, алдамчылык менен акча табуунун аракети көрүлүп жатканын билдирди.

“Менин атымдан белгисиз адамдар Фейсбукта “фейк” баракча ачып алдамчылык менен акча табуунун аракетин көрүп жатышат. Мындай көрүнүшкө капамын жана баракчанын ээлеринен ар түрдүү жалган акцияларды уюштурбоону өтүнөм. Тилекке каршы, бул фейк маалыматка ишенип миңдеген адамдар акцияга катышып жаткандары көрүнүп турат”, — деп жазган.

Бир нече убакыттан бери социалдык тармактарда Тыныбекованын сүрөтүн пайдаланып, ар кандай оюндарды өткөрүп, акча убада кылган баракчалар пайда болгон.

Белгилей кетсек, Aisuluu Tynybekova аталышындагы аккаунт спортчунун сүрөт, видеолорун жүктөп оюн уюштурган. Анын “Сүрөттөгү санды болжой алган биринчи 700 адам 10 миң доллар акчалай сыйлыкка ээ болот. Сага ийгилик каалайм”, — деген видеосун бир суткада 400дөн ашык адам бөлүшкөн.

Спортчу жалпы катталуучуларына фейк баракчага кирип, “Пожаловаться” баскычын басып коюуну суранган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1603