7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

22-июлга карата 29 медкызматкерден коронавирус илдети аныкталды

571

Коронавирус илдетинен бир суткада 1 миң 837 адам сакайды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында – 1 миң 303, Ош шаарында – 95, Чүй облусунда – 155, Ош облусунда – 35, Талас облусунда – 13, Нарын облусунда – 12, Ысык-Көл облусунда – 36, Жалал-Абад облусунда – 95, Баткен облусунда – 93 бейтап айыгып чыкты.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 4 миң 356 бейтап, амбулатордук түрдө 16 миң 9 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 29 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Стационардан 8, ал эми үй карантининен 27 медкызматкер чыгарылган. Пандемия башталгандан бери 6 миң 267 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 5 миң 499 медкызматкер айыгып чыкты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

572