Бир суткада коронавирус илдетинен 12 жаран көз жумду. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 6, Чүй облусунда 4, Нарын облусунда бир, Баткен облусунда бир бейтап каза болгон.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 153 миң 878 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 130 миң 742 киши айыгып чыкса, 2 миң 217 адам каза болду.