Бишкекте №226 автобуста контролер менен эркек киши кармаша кетти. Видеодон жүргүнчү контролерди көздөй жулунганын көрүүгө болот.
Алдына ала маалыматка караганда, төлөмдөрдү көзөмөлдөп жүргөн кондукторго эркек киши пенсионер аялдын жеңилдик картасын көрсөтүп койгон.
Контролер картаны аларда жүргүнчү аны көздөй жулунуп, бири-бирин жөөлөшүп калган. Андан соң кондуктор милиция чакырыш үчүн автобустан чыгып кеткен.
Видео: Спутник