Бүгүн саат 16:30га карата Бишкек Жылуулук электр борборундагы өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга жалпы 1109 адам, 32 техника тартылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Анын ичинде ӨКМден 55 куткаруучу 9 техникасы менен ЖЭБдин имаратынын аймагын тазалап, жылуулоо ишин улантууда. Ошондой эле жалпы кызматкерлер үчүн жылууланган 5 чатыр тигилген.
Министрлик кошумча маалымат берилерин билдирет.
Эскерте кетсек, 2-февралга караган түнү болжол менен саат 03:00дө Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан.