Кечээ,16-июнь күнү Кара-Суу районунда 23 жаштагы Г.А., аттуу жаран “Хизбут-Тахир” диний-экстремиттик уюмунун мүчөлүгүнө айыпталып кармалды.
«Аталган жаран “Хизбут-Тахир” диний-экстремиттик уюмунун активдүү мүчөсү катары жүргөн, тагыраак айтканда Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган “Хизбут-Тахир” диний-экстремиттик уюмунун аудио-видео материалдарын, жана отрибуттарын социалдык тармактардын бирине таратып жүргөндүгү аныкталган.
Шектүү Кыргыз Республикасынын Жазык -Процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камакка алынды, учурда тергөө амалдары уланууда», -деп билдирет Ош ОИИБнин маалымат кызматы.
Учурда, аталаган кылмыш ишинин алкагында башка да кылмыштуу шериктерин аныктоо максатында ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.