Панфилов районунда дыйкандарга суу жетпей, эгин талаалары куурап калуу коркунучунда калды. Бул көйгөй бүгүн Жогоку Кеңештин сессиясында дагы көтөрүлүп, айрымдар Марипов келип жооп берсин деп талап кылышты.
Түнтөн кийин Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынына катышып, депутаттардын суроолоруна жооп берди.
Депутат Бактыбек Райымкулов министрлер кабинетин катуу сындап,
«Өз маалында алдын алуу -иш аракеттерин жүргүзгөн болсоңор мындай көйгөй жаралмак эмес. Маселени бир жума аралыгында чечпесеңер, күзүндө мындан да жаман болот», — деди.
Посмотреть эту публикацию в Instagram