7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чөптүн баасы. Региондордо чөптүн кымбатчылыгы байкалды

1084

Бир жуманын ичинде эле Кыргызстанда малдын чөбүнүн баасы кескин көтөрүлдү.

Маалыматка ылайык, быйыл чөптүн баасы жылдагыдан кымбат. Самандын бир таңгагы 150 сом , жөнөкөй чөп 180, ал эми беде 200-220 сомдон сатылууда. Чөптүн баасы жогорулаганы менен сатып алуучулар да азайган жок.

Региондордо , алсак:

  • Таласта – 30%
  • Баткенде – 22%
  • Ысык-Көлдө – 14%
  • Жалал-Абад облусунда – 11%
  • Ош шаарында – 10%га өскөн.

Базарларда чөптүн баасы:

  • Чүй облусунда 160-250 сомдон сатылса, базардагы орточо баасы- 250 сомду түзөт;
  • Ош облусунда талаадан 240-250 сомдон сатылса, базардагы баа – 275 сомду түзөт;
  • Жалал-Абад облусунда базардагы орточо баа – 250 сом;
  • Баткен облусунда орточо баа – 275 сомду түзөт;
  • Нарын облусунда- 180-200 сомду түзөт;
  • Ысык-Көл облусунда чөп негизинен Чүй облусуна ташылып, талаадан алынган баа 180-200 сом болсо, базарларда 240 сомдон сатылат.

Белгилей кетсек,  баалардын өсүшү объективдүү себептер жана коңшулаш республикалардагы муктаждык менен байланыштуу. Анткени Казакстан менен Өзбекстанда кургакчылык жана сугат суунун тартыштыгы байкалат. Ошондой эле, күндүн ысык болуусу жана жамгырдын жаабай калышы дага себеп болгон.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1085