7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

50 жаштагы кайын агасы келинин өлтүрүп, өзү асынып алган

864

Нарын облусунун Ат-Башы районунда кайын агасы келинин өлтүрүп, өзү асынып алган. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 16-июнда милиция бөлүмүнө Ат-Башы районунун 63 жаштагы И.Ы. аттуу тургуну «Дамбы» участкасындагы токойдун жээгинде “Женя” аттуу жаран бакка муунуп калганын айтып кайрылган.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барганда Ат-Башы районунун 50 жаштагы Е.К. аттуу эркек адамдын сөөгү бакта асынып турган абалда табылган. Маркумдун мойнунда жиптин издери жана оң колунун манжаларынын ички беттери курч нерсе менен кесилген жаракаттары бар экендиги аныкталган.

Окуя болгон жерге маркумдун бир тууган иниси чакыртылган. Иниси 15-июнда болжол менен саат 12:00дөн бери анын 38 жаштагы К.Н. аттуу аялы дагы дайынсыз жок болуп жаткандыгын билдирип, арыз жазган. Ал аялдын сөөгү окуя болгон жерден болжол менен 500 метр аралыкта табылып, маркумга күч колдонулуп өлтүрүлгөнү аныкталган.

“Тергөө жана ыкчам иликтөө кызматтарынын алдын ала иликтөөлөрүнө ылайык, аялды кайын агасы таш менен чаап, учтуу курч нерсе менен сайып өлтүрүп туруп өзү асынып алган”, — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, экспертизалар дайындалып, күбөлөр суракка алынды. Учурда териштирүү иштер жүрүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

865