7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

№24 бала бакча Токмок шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүлдү

1068

Чүй облусунун Токмок шаарынын №1 кичи районунда жайгашкан  №24 бала бакча Токмок шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Тийиштүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Аталган чечим Чүй облусунун Токмок шаарынын тургундарын мектепке чейинки мекемелер менен камсыздоо максатында кабыл алынган.

КРнын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 6-беренесине  ылайык, Чүй облусунун Токмок шаарынын мэриясына № 24 бала бакчанын имараттарын жана курулуштарын муниципалдык менчикке кабыл алып, кабыл алынган мүлктү максаттуу пайдалануу менен аны күтүү жана мындан ары тейлөө жагын камсыз кылуусу тапшырылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1069