УКМКнын жалган кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
30-мартта УКМК тарабынан өзүн УКМКнын кызматкери жана төрагасынын жардамчысы катары тааныштырып, элдин ишенимине кирип алып, мыйзамсыз иш-аракеттерди жүргүзүп келген жаран кармалган.
2022-жылдын январь айында аталган адам Тажикистан Республикасынын жараны аркылуу жарандын ишенимине кирип, прокуратура органдары тарабынан жазык куугунтугун токтотуу жөнүндө маселени чечүү үчүн 7 миң 500 доллар өлчөмүндө акча каражатын алган. Жана ошондой эле ал УКМКнын Борбордук аппаратында иштегенин, анын иш бөлмөсү УКМК төрагасынын иш бөлмөсүнө жакын жайгашкандыгын билдирген.
Бул факты боюнча 30-мартта УКМКнын тергөө башкармалыгы алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин козгоп, аталган адамдар кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.