7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

10дон ашуун соттолгон жаран коңшуларын сабап кайра кармалды, бирок сот үй камагына чыгарды

1182
Ош шаардык сотунун судьясы К.А. мурда 24 ирет кылмыш жоопкерчилигине тартылган, ИИМдин атайын тизмесинде «уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү» катары атайын тизмеде турган 1991-жылы туулган И.И.ни үй камагына чыгарды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Ал акыркы жолу, 18-сентябрда ата-бала коншусунун үйүнө барып, 5 адамдын денесине жараат келтирген. (айрымдары аял кишилер) Беш адамдын арызынын негизинде тергөө иштери жүрүп жатат. Жабырлануучунун бири, 1989-жылы туулган аял оор абалда. Бетинин жаак сөөгү сынган. Коӊшу аялдын уулуна таандык «Нексия» үлгүсүндөгү автомашинаны талкалашып, өрттөп жиберишкен.
Ата-бала милиция кызматкери ортого түшкөнүнө карабай, коңшуларына кол салууга аракет кылган. Ал гана эмес, ажыратууга аракет жасап жатышкан милиция кызматкерлерине атасы И.Н. жыныс органдарын көрсөтүп тилдеген. Бул тууралуу видеоматериалдар бар.
«Бүгүнкү күндө Ош шаарынын сотунун судьясы К.А. тарабынан үй камагына чыгарылган, мурда 24 жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган И.И. жана атасы И.Н. тарабынан кайрадан коӊшуларына карата басым («үйүӊөрдү өрттөйм»деген коркутуулар) жасалып жаткандыгы тууралуу маалыматтарды милиция текшерүүгө алды«-деп жазат Ош ШИИБи.
Ошону менен бирге, кармалган ата-баланын коншуларга карата агрессиялык аракеттери тартылган видеотасмалардан скриншотторду жарыялашты.
Окуя Ош шаарынын Достук көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде 18-сентябрында катталган.
Бул факт боюнча ШИИБ мурдараак төмөндөгүдөй маалымат таркаткан.
«Негизги конфликтин уюштуруучусу, баштоочусу катары 1990-жылы туулган, мурда бир нече ирет соттолгон, ИИМдин атайын тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турган И.И. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Анын атасы И.Н. учурда бул окуяга канчалык тиешеси бардыгы иликтенүүдө. Ооруканадан чыгышы менен тергөө кызматы тарабынан анын дагы жоопкерчилиги каралат«.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1183