7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча козголгон кылмыш иши Башкы прокуратуранын көзөмөлүндө

419

Коомчулукта резонанс жараткан 25 жаштагы Маматкулова Айтурган Мустафаевнанын өлүмү  боюнча козголгон кылмыш иши Башкы прокуратуранын көзөмөлүндө. 

Кылмыш иши 12-июлда Бишкек шаарынын Октябрь РИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин 128-беренеси (Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) боюнча козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Козголгон иштин алкагында, өлүмдүн так себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгы менен тийиштүү укуктук баа берилет.

Дарыгердин баштапкы корутундусу боюнча бейтап дарыдан ууланган. Жолдошу болсо келинчеги өмүрүнө өзү кол салганын билдирүүдө. Бирок көз жумган келиндин жакындары күйөө баласын күнөөлөп, Айтургандын өлүмүнө жолдошу себепкер деп жатышат.

Айтурган 2023-жылы июль айында классташ баласына турмушка чыккан. 2024-жылы 7-июлда каза болгон.

 

 

 

420