Коомчулукта резонанс жараткан 25 жаштагы Маматкулова Айтурган Мустафаевнанын өлүмү боюнча козголгон кылмыш иши Башкы прокуратуранын көзөмөлүндө.
Кылмыш иши 12-июлда Бишкек шаарынын Октябрь РИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин 128-беренеси (Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) боюнча козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Козголгон иштин алкагында, өлүмдүн так себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгы менен тийиштүү укуктук баа берилет.
Дарыгердин баштапкы корутундусу боюнча бейтап дарыдан ууланган. Жолдошу болсо келинчеги өмүрүнө өзү кол салганын билдирүүдө. Бирок көз жумган келиндин жакындары күйөө баласын күнөөлөп, Айтургандын өлүмүнө жолдошу себепкер деп жатышат.
Айтурган 2023-жылы июль айында классташ баласына турмушка чыккан. 2024-жылы 7-июлда каза болгон.