7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

26 жаштагы Надежда Санникова бир жылдан бери дайынсыз

577

Ысык-Ата районунун ички иштер башкармалыгы дайынсыз жоголгон 1995-жылы туулган Санникова Надежда Александровнаны издеп жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Санникова 2020-жылы 20-августта үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 160-165 см, келбети славян улутуна түспөлдөшүп кетет, орто денелүү, чачы сары түстө узундугу ийинине чейин жетет, сүйрү бет, көзү көк.

Ал жайкы мезгилге ылайыктуу кийинген — көк футболка, жайкы джинсы шорты, бутунда боз резина сланцы.

Изделип жаткан адамды көргөн же анын жүргөн жери жөнүндө кандайдыр бир маалымат билгендер болсо төмөнкү телефон аркылуу кабарлап коюуну суранабыз: 0312 61 69 07, 0708 102 110.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

578