28 миң долларлык унааларды алдамчылык жолу менен алып, сатып жиберген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 16-ноябрында Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына М.Ш аттуу жаран О.Жга карата чара көрүүнү өтүнүп арыз менен кайрылган.
Шектүү 2020-жылдын февраль айында ишенимге кирип, алдамчылык жол менен, бөлүп-бөлүп сатып алууну шылтоолоп, жалпы баасы 28 миң АКШ долларды түзгөн “Toyota Highlander” жана “Honda CRV” үлгүсүндөгү автоунааларынын 7 миң 500 долларын гана төлөп алган. Кийинчерээк унаалар үчүнчү жактарга сатылып, алынган каражаттар алардын жеке муктаждыктарына жумшалганы белгилүү болгон.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.
Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн шаардык милициясынын төртүнчү бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан 1983-жылы туулган О.Ж. аттуу жаран кармалып,тергөө кызматына жеткирилген. Кармалган адам КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Ушул тапта кылмыш ишин иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары шектүүнүн башка ушул сыяктуу кылмыш фактыларына тиешеси бар экендигин аныктоо үчүн улантылууда.