29-июлга карата бир суткада 1 миң 460 адам илдеттен сакайып, коронавирус дагы 930 адамдан аныкталды. Өлкө боюнча 13 бейтап каза болгон. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 746 бейтап, амбулатордук түрдө 12 миң 164 адам дарыланууда. Жаңы жуктурган учурлар;
- Бишкек шаарында – 528,
- Ош шаарында – 4,
- Чүй облусунда – 142,
- Ош облусунда – 43,
- Талас облусунда – 16,
- Нарын облусунда – 17,
- Ысык-Көл облусунда – 57,
- Жалал-Абад облусунда – 67,
- Баткен облусунда – 56 адамдан илдет табылган.