Бир тууган милиционерлер үч жаш баланы өрттөнүп жаткан үйдөн аман-эсен алып чыгышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Малыматка караганда, Ички иштер министри Улан Ниязбековдун дарегине Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну Махабат Абдыкалыковадан бир үй-бүлөнүн өмүрүн сактап калышкан милиция кызматкерлери үчүн ыраазычылыгын билдирген кат келген. Катты толугу менен сунуштайбыз.
“Мен Сизге кайрылуумдун себеби, адам өмүрүн сактап калган эр жүрөк милиция кызматкерлери жөнүндө кайрылууну чечтим. Жакында түнкү саат 23:00 чамаларында 3 кичинекей балам менен уктап жаткан учурда үйдөн өрт чыккан. Аны коңшу жашаган Улан Исаков менен Каныбек Исаков экөө үйлөрүндө жүргөндө, байкап калышып, биздин үйгө чуркап келишкен. Жакын жашаган кошуналар дагы көрүшүп, топтолушуп, бирок үйдө адам бар экенин билишкен эмес. Улан менен Каныбек үйдө киши бар экенин билишип, дарбазаны ачышат. Ошол убакта мен дагы ойгонуп кетип, тегерегимди байкасам өрт алоолоп күйүп жатыптыр. Эмне кылаарымды билбей, эшикке көздөй жөнөдүм. Ошол учурда эшиктен чуркап келе жаткан кошуналарым Улан менен Каныбекти көрдүм. Алар үйгө киришип, 4, 7, 8 жаштардагы балдарымды аман-эсен алып чыгышты. Анан 2-3 мүнөттөн кийин үйдүн чатыры кулап, үй толугу менен күйүп кетти. Өз жандарын аябай жардам беришкен бир тууган милиция кызматкерлери Улан Исаков менен Каныбек Исаковго терең ыраазычылыгымды билдирем.
Сизден өтүнөөрүм, бир тууган милиция кызматкерлери Улан Исаков менен Каныбек Исаковго кесиптик ишин баалап, сыйлап коюшуңуздарды менин үй-бүлөмдүн жана айыл тургундарынын атынан суранам”,- деп өзүнүн кайрылуусунда билдирген.
Милиция кызматкерлери жөнүндө айта турган болсок, Улан Исаков ИИМдин Атайын багыттагы полкунун 2-батальонунун 2-ротасыынын 3-взводунун милиционери, милициянын старшинасы. Ал ички иштер органдарында 2018-жылдан бери кызмат өтөйт. Каныбек Исаков ИИМдин Күзөт кызматынын Ведомстволук милиция полкунун 1-батальонунун 2-взводунун кызматкери, милициянын лейтенанты. Кесиптешибиз Каныбек ички иштер органдарында 2018-жылдан бери кызмат өтөйт. Бир тууган милиция кызматкерлери Баткен облусунун Лейлек районунан болушат.