7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров ФАОнун башкы директору менен азык-түлүк коопсуздугу жаатында кызматташууну талкуулашты

399

Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында Нью-Йорк шаарында (АКШ) БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Башкы директору Цюй Дунъюй менен жолугушту.

Тараптар айыл чарба жана азык-түлүк коопсуздугу жаатында эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Президент Садыр Жапаров ФАО менен ийгиликтүү өнөктөштүктү белгилеп, өлкөдө бир катар маанилүү долбоорлорду ишке ашырып жаткан Уюм менен кызматташууну күчөтүү зарылдыгын айтты.

Бүгүнкү күндө агрардык тармак жана азык-түлүк коопсуздугу маселеси негизги маселелердин бири экенин эске алган Садыр Жапаров кыргыз тарап бул багытта ФАО менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнү кааларын баса белгиледи.

Мамлекет башчысы ошондой эле БУУнун ар кандай түзүмдөрүндө тоо маселелерин илгерилетүү зарылдыгына токтолуп, Кыргызстанда 2022-жыл — Тоо экосистемаларын жана климаттык туруктуулукту коргоо жылы деп жарыяланганын эске салды.

Ошону менен бирге Президент Садыр Жапаров бул жолугушуу көп сандаган курмандыктарга алып келген кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында болуп өткөн чыккынчылык  агрессиясынын фонунда өтүп жатканын өкүнүч менен белгиледи.

Өз кезегинде ФАО Башкы директору Цюй Дунъюй жолугушууга кубанычта экенин билдирип, Садыр Жапаров президент болгондон бери Кыргызстанда туруктуулук болуп жатканын белгиледи.

Анын айтымында, ФАО азык-түлүк системаларын жана айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн чоң дарамети бар Кыргызстан менен эки тараптуу кызматташууга артыкчылык берүүгө даяр.

Цюй Дунъюй ошондой эле кызматташууга мүмкүн болгон ар кандай долбоорлорго токтолду. Ал Кыргызстандын тоо маселелерин алдыга жылдырууну, өлкөдө башталган «Жашыл мурас» өнөктүгүн колдоого алды.

Башкы директор Цюй Дунъюй ФАО менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого кызыкдар экенин кошумчалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

400