Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Оргочор айылынын тургуну 25 орундуу тигүү цехин ачты.
Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун маалыматына караганда, ишкана өнүктүрүү фондусунун колдоосу менен ачылды. 2022-жылы ишкер тигүү цехин ачуу боюнча долбоор жазып чыгып, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусуна кайрылган.
«Фонддун байкоочу кеңеши долбоорду жактырып, 1 млн сом пайызсыз насыя берген. Каражатка ишкер цехке керектүү буюмдардын баарын сатып алган. Тигүүчү машиналарды, бычуучу аппараттарды, үтүктөрдү жана башка керектүү жабдуулар. Тигүү цехи айылдык маданият үйүнүн бир тарабында ачылган. Ишкер ошондой эле үйдө отуруп тиккен тикмечилерге шарттарды түзүп берген»- деп берилет маалыматта.
«Буйрутмалар басымдуу түрдө Россиядан түшүүдө. Тигүүчүлөрдүн айлык акысы жума сайын берилет. Айлык акы орто эсеп менен 15 миң сомдон 25 миң сомго чейин жетип жатат»,- деген жеке ишкер.