7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан-Ооганстан транспорт жолу боюнча биринчи эксперименталдык поезд ишке киргизилди

548

Биринчи эксперименталдык поезд Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан-Ооганстан транспорт коридору боюнча Кашкар-Ош-Анжиян-Галаба-Хайратан темир жол каттамы боюнча жолго чыкты. Бул тууралуу «Өзбекстан темир жолдору» ишканасы билдирди.

Маалым болгондой, Ош шаарындагы темир жол бекетинде 12 даана 40 фут контейнерден турган поезд түзүлдү. Товарлар Кытай тарап тарабынан Кашкар шаарында контейнерлерге жүктөлүп, Ош станциясына автоунаалар менен жеткирилген. Азык-түлүк, тиричилик техникасы жана тиричилик буюмдарынан турган жүк Ош станциясындагы Өзбекстанга тиешелүү фитинг аянтчаларына жүктөлгөн. Жүк «Өзбекстан темир жолдору» ишканасы аркылуу Ооганстандын Мазари-Шариф станциясына жеткирилет. Поезд акыркы темир жол станциясына эки күндөн кийин келиши керек.

Бул коридор менен анын аймагынан жүк ташууга Өзбекстан 70 пайыз, башка өлкөлөр 50 пайыздык жеңилдиктерди берген. Бул жол менен Ооганстанга 4 миң контейнерден ашык жүк жеткирүү пландалууда.

Мурдараак маалымдалгандай, 14-сентябрда Самаркандда өткөн ШКУнун саммитинин алкагында Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай темир жолун (Кыргызстандын аймагы аркылуу) куруу боюнча кызматташуу келишимине кол коюлган.

«Буга чейин Өзбекстан менен Кыргызстандын президенттери жакында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу башталарын ырасташкан. Бул темир жолду куруу демилгеси 2000-жылдардын башында көтөрүлүп, бирок ишке аша элек»,-деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

549