7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нурлан Мотуевди сабаган жаран кармалды

655

Нурлан Мотуевди сабаган жаран кармалып, уруш өз ара келишпестиктен чыккандыгы такталды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Свердлов райондук милициясына Нурлан Мотуев арыз менен кайрылган. Ал өз арызында ушул жылдын 18-сентябрында Москва жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде болжол менен саат 12:40 чамасында белгисиз 3 адам ага карата күч колдонуп, уруп сабап, кара түстөгү барсеткасын тартып алып, качып кетишкен. Анын ичинде “Самсунг А31” үлгүсүндөгү уюлдук телефону, 32 000 сом өлчөмүндөгү акча каражаты, паспорту жана пенсиялык күбөлүк болгонун билдирген.

Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, мурда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган Жалал-Абад облусунун 1987-жылы туулган Б.И. аттуу жараны кармалды.

«Ал унаа уурдагандыгы үчүн жана каракчылык кылгандыгы үчүн жоопко тартылып, 2014-жылы Бишкек шаарындагы Кызыл-Аскердеги №32 отурукташ колониясына чыгарылган. Нурлан Мотуев менен 2016-жылы Кызыл-Аскердеги №32 отурукташ колониясынан таанышкандыгын айткан. Мотуев экөөнүн ортосунда келишпестик пайда болуп, андан өч алуу максатында эки тааныш баласы менен сүйлөшүп бул жолго барганын билдирген. Шектүү Мотуевди алты жылдан бери абдан жакшы тааныгандыгы, жашаган жерин билгендиги, аны сабап кетүүгө Нурлан Мотуев өзү себепкер экенин, белгилеген»,-деп берилет билдирүүдө.

Учурда шектүү Свердлов РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, калган эки шеригинин жүргөн жерин аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

656