«Манас» эпосу Эверест чокусуна жеткирилди. Бул тууралуу Илим Карыпбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.
«Кечээ күнү таңкы саат 07:40та кыргыз уулу Сайдылкан уулу Кадыр дүйнө чокусу Эверестке кыргыздын желегин желбиретип, кыргыз тарыхында 3 килограмм болгон Сагынбай Орозбак уулунун вариантындагы Манас китебин биринчи жолу аман-эсен чыгара алды», — деп жазган ал.