«Каракол» аэропортунун жетекчилигине карата ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
УКМКдан билдиргендей, «Каракол» аэропортунун кызмат адамдары жеке кызыкчылыгын көздөп, аэропорттун атайын техникасын жана жабдууларын, баалуу металлдарды чыгарып алган адамдарга мыйзамсыз сатып жибергендиги аныкталган.
Көрүлгөн чаралардын жана уруксат берилген издөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча Каракол шаарында алтынды аффинаждоочу жер астындагы лаборатория табылып, кийин экспертизанын корутундусу менен тастыкталган.
Учурда тергөө уланууда.