Токмок шаарында массалык мушташ уюштурган өспүрүмдөр кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
12-майда Токмок шаардык милициясына арыз менен Чүй районунун Алга айылынын 56 жаштагы тургуну кайрылган. Анда 11-майда болжол менен саат 20:00 чамасында Токмок шаарынын № 1 кичирайонунда 16 жаштагы баласын ур-токмокко алган белгисиз жарандарга чара көрүп берүүнү суранган.
Ошондой эле милицияга өспүрүм балдары ур-токмокко алынгандыгын айтып, эки жаран кайрылган.
Аталган фактылар каттоого алынып, кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлө баштаган.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында, аталган массалык мушташты уюштурууга жана ага катышууга шектүү катары 18 жаштагы жана 16 жаштагы балдар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө амалдары уланууда.