7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

БШК: 3 саатта шайлоо мыйзамдарынын бузулганы боюнча 25 кайрылуу түштү

857

Бүгүн, 11-апрелде 3 сааттын ичинде шайлоо мыйзамдарынын бузулганы боюнча 25 кайрылуу келип түштү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтык Шайназаров брифингде кабарлады.

Анын айтымында, даттануулардын 12си такталып, чара көрүлүп жатат. Калганы жакынкы мүнөттөрдө укук коргоо органдары тарабынан текшерилип, чара көрүлөт.

Шайназаров бүгүн эле эки чоң факты катталганын, алар боюнча тийиштүү чаралар көрүлүп жатканын кошумчалады.

“Ош шаарында бир партиянын өкүлдөрү акча таратып жатканы тууралу видео тарады. Ал факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Дагы бир видео Бишкектеги №1054 тилкенин жанынан таштандыдан бюлеттендер табылганы айтылды. Учурда бул маалыматтар текшерилип жатат. Күнөөлүүлө аныкталат, мыйзам чегинде чаралар көрүлөт”.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

858