Комедиялуу жана ошол эле учурда ар кандай коркунуч жараткан эпизодторду аткарган Джеки Чандын тасмаларын сүйүп көргөндөр дээрлик көп. Ал 1954-жылы 7-апрелде Гонконг шаарында туулган. Кытайлык актёр апасынын ичинде жатканда эле, элди таң калтырган. Джеки катышкан тасмалар элдин купулуна толуп, 5 жаштагы баладан тарта улуу муундагы адамдардын да сүйүктүү актёруна айланган. Бул макалада актер тууралуу кызыктуу маалыматтар менен бөлүшөбүз.
- Джеки төрөлө электе эле өзүнүн өзгөчө экенин көрсөткөн. Ал кесарево жолу менен төрөлгөн, анткени 12 ай апасынын боюнда болгон. Жекинин төрөлгөндө салмагы 5 килограмм 400 грамм болгон. Жеки Чандын чыныгы аты Чан Конг Санг. Ал фамилиясын өзгөрткөн. Ошентип, Джекинин чыныгы аты-жөнү Фон Си Лунг.
- Джеки тартылган тасмаларында зордук-зомбулук, эротикалык көрүнүштөр жок, сөгүнүү күлкүлүү жана кан жок жерде гана пайда болот. Ал муну менен сыймыктанып, анын тасмаларын көптөгөн балдар жана аялдар көрөрүн дайыма белгилеп келет.
- Ал апасына башынан өткөн кыйынчылыктарды эч качан айтпайт. 1985-жылы эң оор жаракат алган. Ооруканада жаткан маалда апасына сөздөр жеткенде бул кептин баары пиар экенине ишендирүүгө аракет кылган, бирок апасы ага көнбөй, тырыгын көрүүнү суранган. «Мен ага таптакыр башка жерди көрсөткөм, апам ишенип дагы деле чындыкты билбейт», — деп күлүп калат Жеки.
- Кайрымдуулукка чоң көңүл бурат. Алгач ал жөн гана интернаттарга жана балдар үйлөрүнө белектерди жана акчалай жардам берип, андан кийин “Джеки Чан” фондун түзүп, 10 жетим баланы багып алган. Ошондой эле, чет өлкөдө жашаган 50 кытайлык балдарга жардам берип, бир нече университеттин стипендиясын колдоп, жана балдардын дарылануусуна акча төлөйт. Рак менен ооруган балдарды “Джеки Чан” ооруканасы каржылайт жана Кунг-фу мектептеринин фондуна салым кошот.
- «Ажыдаар лорд» тасмасына тартылып жаткан учурда 6 метр аралыктан эки дюймдук бутага кичинекей топту тепкен сценасы болгон. Бул 3 секунддук сцена 1600 кадр менен тартылып 2 күнгө созулган.
- Ал жакшы үй кызматчысы. Муну азыркы жаштарга да үйрөтөт. Анын кызматчысы жок, үй жумуштарынын баарын өзү жасайт, байпак, ич кийимдерин жууйт.
- Ар бир адамдын өзүнүн алсыз жактары болот. Джеки Чан, баш айланткан бийиктикти багындырган, съемкадагы айнекти сындырган, жада калса бети-башынан жаракат алуудан коркпогон адам, чынында эле, ар кандай ийнелерди (укол) алуудан коркот.
- Джеки Чан 100 грамм чөп менен кармалган уулун мурастан ажыраткан. Ошондой эле, никесиз кызын адаттан тыш ориентациясын билгенден кийин үйүнөн кууп чыккан.Ал тартипке катуу.
- Анын денесинде дээрлик бардык негизги сөөктөрү сынган. Колу-буту сынып, мээси чайкалып, 1985-жылы эки омурткасын сындырып, жамбаш сөөгү чыгып кеткен.