Бишкекте тиш дарылатып чарчап калган 3 жаштагы Алия Кубанычбекованын өлүмүнө шек саналып Иса Ахунбаев атындагы окуу-илимий дарылоо медициналык борборунун директору да кармалып, камакка алынды. Бул тууралуу 7-каналга ИИМден тастыкташты.
Сот ушул эле иш боюнча үй камагына чыгарылган анестезиологдун бөгөт чарасын өзгөртүп, кайра камакка алганын кабарлады.
Эскерте кетсек, 18-декабрда Бишкекте тишин дарылаткан 3 жашар кыз чарчап калган. 12-январда Октябрь РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн шектүү кармалган. Ал 1992-жылы туулган аял киши болгон.