7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Москва райондук сотунун судьясы пара менен кармалды

536

Акча талап кылуу фактысы боюнча Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьясы кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьяларына Д.К.С., К.Э.О., С.А.А. жана B.T.K.га карата «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Пара алуу», «Пара талап кылуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, Москва райондук сотунун аппаратынын кызматкерлерин, ошондой эле башка судьяларды соттолуучу адамдардан акча каражаттарын алуу максатында кылмыш ишине тартуу менен судьялар тарабынан уюштурулган туруктуу коррупциялык схема аныкталган.

Москва райондук сотунун судьясы 5-мартта соттун кызматкери К.А.Д. аттуу ортомчудан шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча оң чечим үчүн 1500 АКШ доллары өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды. Кылмыш чөйрөсүнө аралашкан ар бир адам, анын катышуусунун негизинде опузалап алынган жалпы сумманын белгилүү бир үлүшүнө ээ болгон.

Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьясы камакка алынып, УКМКнын тергөө абагына, ал эми ортомчу Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №1 тергөө абагына киргизилген.

Учурда аталган райондук сотунун калган судьяларына укуктук баа берүү, ушул сыяктуу кылмыш иштерин аныктоо боюнча тиешелүү иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат. Тергөө иштери уланууда.

 

537