Кыргыз Республикасынын Жарандык авиациясынын 90-жылдык мааракесина карата «Манас» эл аралык аэропортунун ардактуу кызматкерлеринин жана ардагерлеринин кыскача маегин жарыялайбыз. Бүгүнкү кыскача баян «МЭА» ААК 30 жылдан ашык Авиациялык коопсуздук кызматында иштеген Наталья Мырзамамытова тууралуу болмокчу. Учурда Наталья Мырзамамытова үй иштери менен алектенип, неберелерин тарбиялап ардактуу эс алууда. Ардактуу эс алуудагы Наталья Мырзамамытованы КРнын жарандык авиация тармагына кошкон маанилүү салымы үчүн ыраазычылык билдирип, келе жаткан кесиптик майрамы менен куттуктайбыз! Анын тарыхы Кыргызстандын авиация тармагынын бай мурасынын бир бөлүгү жана бул маанилүү тармакта иштөөнү каалаган жаш адистер үчүн үлгү болуп саналат. Жарандык авиациянын бул мааракеси Кыргызстандын авиация тармагын өнүктүрүүгө салым кошуп жаткандардын бардыгынын жетишкендиктери, жана кошкон салымдары менен сыймыктанууга негиз болуп кала бермекчи.
Посмотреть эту публикацию в Instagram