Бүгүн, 2-октябрда белгилүү саясий ишмер Ормон Ниязбек уулунун 230 жылдык мааракеси белгиленүүдө. Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, маданий иш-чарага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров катышууда.
Алгач Кочкор районунун Семиз-Бел айылындагы “Ормон Хан” ордосунда Кыргызстандын Мамлекеттик туусу көтөрүлүп, Ормон Ниязбек уулунун эстелиги ачылды.
“Ормон хан” ордосун куруу үчүн Семиз-Бел айылынын чыгыш тарабынан 1 гектар жер трансформацияланып, Нарын облусунун “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондунан 7 млн сом каралган.
Белгилей кетсек, Ормон хан Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөгө салымын кошкон тарыхый инсан, ал 19-кылымдын ортосунда чачкын кыргыз урууларын бириктирип, көз карандысыз Кыргыз хандыгын түзүүгө аракет кылган.