Эртең, 3-октябрда саат 10:00дөн 11:00гө чейин Бишкек, Ош шаарында жана облус, райондордун борборлорунда 5 мүнөткө чейин сиреналар катуу жаңырып, машыгуу өтөт.
ӨКМден кабарлашкандай, машыгуу өзгөчө кырдаалдар катталган учурда жарандардын өзүн алып жүрүү, адам өмүрүн сактоо, материалдык чыгымдарды азайтуу максатын көздөйт. Иш-чара “5-октябрь – Кыргызстанда кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө” карата уюштурулат. Аталган иш-чарага республиканын бардык мамлекеттик ведомстволору, билим берүү мекемелери, менчигинин түрүнө карабастан мекеме-ишканалардын катышуусу мерчемделген.
Ведомство жарандарды сиренанын үнүн укканда дүрбөлөнгө түшпөөгө чакырат.