Бүгүн, 2-октябрда өлкөнүн тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй облусунда +20…+25, Талас облусунда +18…+23, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +22…+27, Ысык-Көл жана Нарын облустарында +15…+20, Бишкекте +23…+25 жана Ош шаарында +25…+27 градуска чейин көтөрүлөт.