Кадамжайдын тургундарын алдап кеткен аял киши кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун Майдан айыл аймагынын жергиликтүү тургундары 2022-жылдын июль айында гилас мөмө-жемиштерин сатып берем деп алып кетип, изин жашырып кеткен жарандын үстүнөн арыз менен кайрылган. Жалпысынын 11 арыз түшүп, арызданган жарандарга 270 000 миң сомдук зыян келтирген.
Арыздар Кадамжай РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү Чүй облусунун Сокулук районунун 40 жаштагы тургуну К.Н. аттуу жарандын өздүгү аныкталып, Ош облусунан кармалып келди. Шектүү мурда да алдамчылык кылмышы менен жоопко тартылгандыгы белгилүү болгон.
Азыркы учурда кармалган адам убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.