7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кеңсени өрттөп кетем деп, шаардан чыгып кетүүгө мажбурлаган депутат кармалды

632

Бишкек шаарынын Свердлов райондук милициясына жаран арыз менен кайрылган. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

  • Маалыматка ылайык, анын арызында 26-февраль күнү болжол менен саат 16:00дө белгисиз 6-7 жаран өздөрүн Токмок шаардык администрациясынын өкүлү деп тааныштырып, Токмок шаарында жайгашкан «Салтанат Кейджи» ЖЧКсынын кеңсесине уруксатсыз кирип, агрессивдүү түрдө кызматкерлердин бирин сыртка чыгарып, зомбулук көрсөткөнүн, кеңсесин өрттөп кетерин айтып коркутуп, шаардан чыгып кетүүгө мажбур кылган.

Аталган факты Свердлов райондук ички иштер башкармалыгында каттоого алынып, териштирүү үчүн Токмок шаардык милициясына жөнөтүлгөн. Териштирүүнүн жүрүшүндө «Салтанат Кейджи» ЖЧКсынын кеңсесине келген белгисиз жарандар Яндекс Go’дун Токмок шаарында иштөөсүнө каршы чыгышкан.

9-март күнү Токмок шаарынын тургуну 1988-жылы туулган Ч.К. аттуу жаран шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тинтүү учурунда газотравматикалык тапанчанын октору табылган. Учурда тергөө уланууда.

Өздүк булактардын маалыматына караганда, шектүү Токмок шаардык кеңештин депутаты.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

633