ЖАКнын №10 — мекемесинин түштүк тарабынан скотч менен оролгон, кочкул жашыл түстөгү, өзгөчө жыты бар, гашиш баңгизатына окшош, жалпы салмагы 510 граммды түзгөн таңгак алынган. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка караганда, кыргызстандын жараны 1989-жылы туулган Ж.А.Н. аталган баңгизатты мекеменин аймагына өткөрүп берүүнү көздөгөн.
Бул факты каттоого алынып, кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.