7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Кадастр» мамлекеттик мекемесинде коррупциялык схема аныкталды

457

“Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Манас райондук бөлүмүнүн кызматкерлеринин ишмердүүлүгүндө коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүрүшүндө Манас районунун Покровка айыл аймагынын ишмердигинде турак жайларды куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз берүү менен байланышкан коррупциялык схема аныкталган.

Такталгандай, Покровка айыл аймагынын мурдагы жетекчиси Ж.А.Б. жана жер адиси Б.А.А. «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Манас райондук бөлүмүнүн кызматкерлери менен жең учунан сүйлөшүп алышып, жер тилкелердин чыныгы ээлерине билгизбей, жер участоктордун жасалма документтерин жасоо жолу менен, үчүнчү жактарга мыйзамсыз беришкен.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, 346-берененин 2-бөлүмү (Кызматтык жасалмалоо) боюнча Покровка айыл аймагынын мурдагы жетекчиси Ж.А.Б. жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Манас райондук бөлүмүнүн кызматкери Ж.Ж.Н. кылмыш белгилери боюнча айып тагылган.

Учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары, анын ичинде аталган мыйзамсыз фактыга тиешеси бар болушу мүмкүн болгон башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

458