7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчыбек Ташиев спортчуларга колдоо көрсөтөөрүн айтып, аларды тайманбас болууга чакырды

449

Бүгүн, 28-февралда УКМК төрагасы, Улуттук Бокс федерациясынын вице-президенти Камчыбек Ташиев жана Бокс федерациясынын президенти Умбеталы Кыдыралиев 7-12- февраль күндөрү Венгриянын Дебрецен шаарында болуп өткөн бокс боюнча “Bocskai lstvan Memorial” эл аралык мелдешине Кыргызстандын атынан катышып келген спортчулар менен жолугушту.

Аталган мелдешке Кыргызстандан 10 спортчу катышкан. Жыйынтыгында спортчу Эркин Адылбек уулу 86 кг салмакта күчүн сынап, финалда Бельгиялык Легенас Идристи жеңип, алтын медалга ээ болгон. Ал эми Асылбек Аманкул уулу 48 кг салмакта күч сынашып, күмүш медалды багындырган.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев спортчулардын жеңиши менен куттуктап, боксчулардын эмгек сиңирген машыктыруучусу Тилекмат Эңкеевге жана Акыйкат Абаевге ыраазычылыгын билдирди. Төрага бул жеңишти багындырууда машыктыруучулардын эмгеги зор экенин баса белгиледи. Ошондой эле Ташиев, мамлекет спортчуларга ар тараптан колдоо көрсөтүүгө ар дайым даяр экенин айтып, спортчуларды күчтүү жана тайманбас болууга чакырды.

Өз кезегинде спортчулар жана алардын машыктыруучулары Улуттук Бокс федерациясынын президенти жана вице-президентине көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдиришип, мындан ары да өлкө желегин бийик желбиретип, байгелүү орундарды багындырууга болгон күч аракетин жумшашаарын убадалашты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

450