Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда өткөн жыйында билим берүүдөгү приоритеттүү багыттарды атады.
Алар:
- Президенттин демилгеси менен эки мугалимге “Кыргыз Эл Баатыры” наамы берилет;
- «Жылдын мыкты мугалими” сынагынын жеңүүчүсүнө квартира, беш негизги предмет боюнча жеңүүчү болгон жылдын мыкты мугалимдерине бир миллион сомдон берилет. Жеңүүчү аталган 5 мугалим жыл бою Кыргызстанды кыдырып, көрсөтмө сабактарды өтөт;
- Жакынкы 3-5 жылда миңден ашуун мугалимдерге квартира берилет. Бул үчүн атайын долбоор түзүү максаты көздөлүүдө;
- Дүйнөлүк жогорку окуу жайларда окуп, атактуу компанияларда иштеген мекендештерге мамлекет тарабынан атайын сыйлыктар берилет;
- Президенттин демилгеси менен жакыр үй-бүлөдөн чыккан таланттуу балдар үчүн Чолпон-Ата шаарында мектеп-гимназия курулуп жатат. Ал жакынкы жылдарда ишке кирет.
Каныбек Иманалиев президент тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоо билим берүүгө болгон чоң ишеним, чечкиндүү кадам экендигин белгиледи.