Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери тарабынан кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыштар боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштердин натыйжасында, мамлекеттик салык кызматынын Лейлек району боюнча башкармалыгынын карыздарды өндүрүү жана текшерүү бөлүмүнүн башкы салык инспектору Т.Б. тарабынан кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды.
Ал пландуу көчмө салыктык текшерүү учурунда кызматтын кызыкчылыктарына жана салык мыйзамдарына карама-каршы келген, “Э.О.” ЖЧКнын өзгөчө ири масштабда өлкөнүн бюджетине түшүүчү салыктарынын көлөмүн азайтууга көмөктөшкөн.
Башкы салык инспектору “Э.О.” ЖЧКсын текшерүү учурунда Салык кодексинде белгиленген кышкы дизелдик күйүүчү майга (ТНВЭД коду 2710192900) акциздик салыктын ставкаларын эске албай, 1 тоннасына 5000 сомдун ордуна 400 сом көрсөткөн, натыйжада өлкөнүн бюджетине өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.
«Учурда аталган инстпектордун аракетинен келтирилген материалдык зыян толугу менен калыбына келтирилип, бул кылмышка Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын башка кызмат адамдарынын да катыштыгы бар экендиги такталууда. Мамлекеттик салык кызматынын Лейлек району боюнча башкармалыгынын карызды өндүрүү жана текшерүү бөлүмүнүн башкы салык инспектору кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда»,- деп берилет маалыматта.