Ош шаардык кеңеши бүгүн, 28-сентябрда Аймактык шайлоо комиссиясынын резервдик курамын карады. БШК тарабынан 121 талапкер катышып, бирок сунуш депутаттар тарабынан колдоо тапкан жок.
Ош шаардык кеңешинин депутаты Нуркыз Кыдырбек кызы, анын себебин, мындайча тушүндүрөт.
«Мен каршы чыктым, себеби сунушталган 204 талапкердин 50%дан көбү мугалимдер, билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү экен. Шайлоо учурунда алар шайлоо тилкелерине кетип калса, сабактарды ким өтөт? Ошто ансыз деле бир класста ашыгы менен 70тен окуучу окуган мектептер, бакчалар бар. Ал жердин озүнүн көйгөйлөрү, жумушу бар. Баары эле шайлоого кетип калса, балдар кароосуз калабы?«-дейт Кадырбекова.
Депутат айым ошону менен бирге, бул аракет, «Ар бир билим берүү мекемелери массалык түрдө шайлоого даярданып жатат» -дегенден кабар берет деп эскертет.
Ош аймактык шайлоо комиссиясы сунуштаган тизме биздин колго да жетти. Жашоочулар, МАБтын өкүлдөрүнөн ЖОЖдун, мектептин мугалимдер басымдуулук кылат.