Бүгүн, өлкөдө коронавирус 69 адамдан аныкталып, 97 адам илдеттен сакайып чыккан. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
- Бишкек шаарында – 38,
- Чүй облусунда – 17,
- Ош облусунда – 4,
- Ысык-Көл облусунда – 9,
- Баткен облусунда – 1 адамдан илдет табылган.
Сутка ичинде өлкө боюнча COVID-19га каршы эмдөө албагандар арасында бир бейтап каза болду.
Стационарларда коронавирустан 454 бейтап, амбулатордук түрдө 803 адам дарыланууда.
Жалпы 178 миң 444 адам коронавирус жуктурган.