2021-жылдын 28-ноябрында парламенттик шайлоо менен бирге Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Жарлыкка ылайык, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айылдык кеңешине, Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешине, Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешине, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кеңешине шайлоону 2021-жылдын 28-ноябрына дайындоого токтом кылынат.
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогоруда аталган өкүлчүлүктүү органдарына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.
Мындан сырткары Министрлер кабинетине, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына тийиштүү тапшырмалар берилди.