7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«32 миң сомго бааланган кадыр». Чүйдө алдамчылыкка шектелген аял кармалды

851

Жайыл районунда алдамчылыкка шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнө 32 жаштагы Э.Р. аттуу жаран арыз менен кайрылып, ишенимине кирип алдоо жолу менен 20 миң сомдук «Редми» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун ээлеп алган чала тааныш аялга карата чара көрүүнү суранган.

Аталган факты Жайыл районунун ИИБнин КБР КР Кылмыш-жазык кодексинин (эски редакция) 204-беренеси (Алдамчылык) менен катталып, сотко чейинки териштирүү иштери башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Жайыл РИИБнин Криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан 32 жаштагы К.А. аттуу аял киши кармалып, тергөөгө өткөрүлүп берилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

852