Каракол шаарында 35 жаштагы жаран суу түтүктөрүн уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Каракол шаардык ички ичтер бөлүмүнө «Водоканал» ишканасынан билдирүү түшүп, анда белгисиз адамдар суу түтүктөрүн уурдап кетишкенин жана ишканага 34 миң сом өлчөмүндө зыян келтиришкени маалымдалган.
Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестерине катталып, Кылмыш-жазык кодексинин 205 (Уурдоо) беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында шектүү Пристань-Пржевальск айылчасынын 35 жаштагы тургуну А.С. болуп чыкты жана ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алды.
Каракол шаардык сотунун чечими менен шектүү жаранга карата үй камагына алуу баш коргоо чарасы кабыл алынып, учурда тергөө амалдары уланууда.