Грецияда эки поезд кагылышып, кырсыктын кесепетинен 26 адам каза болду, 85и жаракат алды. Бул тууралуу RTVI жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, кырсык 1-мартка караган түнү Лариса шаарынын жанындагы Евангелисмос станциясында болгон. Поездде 350 киши болгон, учурда 25 жүргүнчү оор абалда.
Фессалиянын губернатору Костас Агорастос поездин биринчи жана экинчи вагондору толугу менен талкаланганын билдирген. Анын айтымында, бардык жүргүнчүлөр чыгарылып, куткаруучулар каза болгондорду гана издеп жатышат.
Куткаруу иштерине 150 өрт өчүрүүчү жана 32 милиция кызматкери катышууда. Кырсык болгон жерде 40 тез жардам жана 15 патрулдук унаа иштеп жатат. Эвакуацияга крандык машиналар да тартылууда.
Окуянын чоо-жайы азырынча белгисиз.